• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Базар-Коргон районунун башкаруу органдарынын катышуусу менен комплекстик машыгуу өттү

Аймак 0

Бишкек, 28.10.17 /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 2017-жылга болгон Жарандык коргонуунун даярдануу планына ылайык, Базар-Коргон районунун башкаруу органдарынын катышуусу менен Комплекстик райондук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Машыгуунун максаты өзгөчө кырдаалдар болгондогу кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгиз иштерди аткаруу.

Машыгуунун биринчи күнүндө райондук Жарандык коргонуунун Кабарлоо жана байланыш кызматы тарабынан саат 06:30да “Жыйын” деген кабар жарыяланып, “райондун аймагында жаратылыштык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал коркунучу келип чыкканда жана катталган учурда Жарандык коргонуу күчтөрүнүн иш аракети” темасында Жарандык коргонуу иш-чараларын аткарууга даярдыгын аныктоо жана тапшырмаларды берүү үчүн Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын залында жыйын өткөрүлгөн.

Жарандык коргонуунун иш-чараларынын толуктуулугун жана сапаттуулугун, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, областтык, райондук Жарандык коргонуунун башчысынын көргөзмөлөрүнүнүн аткарылышын текшеришкен.

Райондук Жарандык коргонуунун башкаруу органдары, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы, райондук Жарандык коргонуунун курамы, Көчүрүү комиссясынын курамы, райондук Жарандык коргонуунун штабы, райондук Жарандык коргонуунун кызматтары, райондук Жарандык коргонуунун күч жана каражаттары тартылды.

Машуугу учурунда жарандык коргонуунун башчысынын жана штаб башчысынын жумуш картасы (рабочий карта) жасалган, жарандык коргонуунун согуш жана тынчтык мезгилиндеги пландары иштелип чыккан, кабарлоо жана байланыш кызматынын жана медицина кызматынын түзүмдөрүнүн өздүк курамдары түзүлгөн жана функционалдык милдеттери иштелип чыккан.

Ал эми башкаруу түйүнүнүн өздүк курамынын кабарлоо жана чогултуу схемасы, жобосу, көчүрүү планы иштелип чыккан.

Ө. Атабекова атындагы орто мектебинде “Өрт кырсыгы” катталаган учурда куткаруу максатында КР ӨКМнин Базар-Коргон райондук бөлүмүнөн 2 даана техника жана куткаруучулар ошондой эле райондук медицина кызматынан 2 даана техника тартылып, куткаруу жумуштарын аткарылган.

Экинчи күнүндө Жарандык коргонуунун комиссясынын курамдары жана Жарандык коронуу кызматтары саат 10:00гө "Жыйын" деген кабар берилип, Могол айыл аймагынын Ооган-Талаа айылынын Бувакол участкасындагы 2017-жылдын “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуу” иш-планына киргизилген объектини узундугу 80 метр аралыгындагы дамбаны жасап жана габиондук торчолорун тизишти.

Практикалык иш-чарага Жарандык коргонуу кызматтары жана айыл аймак башчылары чогулушуп, жалпы 325 адам катышып, Райондук Суу чарба башкармалыгынан 1 даана погрузчик, 1 даана экскаватор, 1 даана автосамосвал, 1 кызматтык унаа, ошондой эле калган Жарандык коргонуунун кызматтарынан дагы тиешелүү техникалар жана транспорттор машыгууга тартылды. Машыгуунун жүрүшүндө, биринчиден ар кандай кырсыктарга даярдыктар текшерилип, кемчиликтер жеринде жоюлду, экинчиден, практикалык бөлүгүндө жыл сайын жаз-жай айларында калкка сел жана суу ташкындарынан коркунуч жаратып келген дарыянын 80 метр аралыгы гобиондук торчолор менен бекемделди.

Пикир

Оставить комментарий