• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда жаңы шаар пайда болот. Садыр Жапаров мыйзамга кол койду

Президент 0

Бишкек, 08.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам 2021-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Бул мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айыл аймагынын Жети-Кошкон, Беш-Бадам жана Базар-Коргон айылдарынын, Коргон айылынын Ак-Тайлак-Ата-1.2, Бабур-1.2, Эне-Сай жана Сай-Коргон калктуу конуштарынын, ошондой эле Кеңеш айыл аймагынын Совет, Аук айылдарынын, Кызыл жана Орто-Сай калктуу конуштарынын чегинде Базар-Коргон айыл аймагынын базасында административдик-аймактык бирдик катары Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаарын түзүү сунушталууда.

Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий