• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Базар-Коргон районунун борбордук базарларында айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жарманкеси өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 09.12.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрилигинин алдындагы Базар-Коргон агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Арсланбап жана Кеңеш айыл аймактарынынын борбордук базарларында айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жарманкеси өтүүдө.

Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жарманкеде айыл чарба азык-түлүктөрү дүң баада сатылууда.

"Азык-түлүктүн баалары кескин түрдө кымбаттаганына байланыштуу республиканын региондорунда жарманкелерди уюштуруу демилгесин министр Тилек Токтогазиев көтөргөн", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий