• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Базар-Коргондун Кара-Жыгач айылына жаңы мектеп курулат

Аймак 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. Базар-Коргондун Кара-Жыгач айылына жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Кара-Жыгач айылындагы А.Осмонов атындагы № 38 орто мектебинин курулушу 2021-жылдын “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу объекттердин тизмесине киргизилип, 3 млн сом каралган.

Бүгүнкү күнгө карата мектептин курулушуна долбоорлоо-сметалык документтери иштелип чыккан. Анын сметалык наркы 72,4 млн сомду түзөт. Учурда курулуш-монтаждоо жумуштарына подряддык уюмду тандоо боюнча конкурс өткөрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий