• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Базар-Коргон районунун Могол айылында 450 орундуу мектептин курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Кечээ, 16-мартта Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагындагы №28 А. Шеркулов орто мектебинин эки кабаттан турган жаңы 450 орундуу имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, имараттын пайдубалына капсула салуу иш-чарасына президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбек уулу, мектеп жамааты жана айыл тургундары катышты.

Буга чейин ашар жолу менен курулган мектептин эскилиги жетип, окуучуларга жана мугалимдерге ыңгайсыздыктар жаралып келген. Мектептин жаңы имаратын курууга 46 млн сом каралып, анын 45 млн сому Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат.

Пикир

Оставить комментарий