• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Базар-Коргон РИИБдин начальниги өздүк курамга тааныштырылды

Аймак 0

Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. ИИМдин буйругунун негизинде Базар-Коргон РИИБдин начальниги болуп дайындалган Ассрор Тантиев бүгүн, 9-мартта өздүк курамга тааныштырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жаӊыдан дайындалган жетекчини Жалал-Абад ОИИБдин начальниги Жеӊишбек Абитов тааныштырып, иштерине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту камсыздоодо талыкпастан эмгектенүүгө чакырды.

Ассрор Тантиев буга чейин Талас ШИИБдин начальниги кызматын аркалап келген.

Белгилей кетсек, Базар-Коргон РИИБдин мурдагы начальниги Медербек Муратов ИИМдин буйругунун негизинде Талас ШИИБдин начальниги кызматына ротацияланган.

Пикир

Оставить комментарий