• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Базар-Коргон шаарында 50 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 17.03.23./Кабар/. Базар-Коргон шаарында 50 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ачылыш аземине президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбек уулу, Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Танзилия Сатимова, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар катышты.

Облус башчысы аймактагы тургундардын муктаждыктарын эске алуу, наристелердин бала бакчага баруу мүмкүнчүлүгүн жаратуу үчүн акыркы жылдары мектепке чейинки билим берүү мекемелерин куруу аракеттери колго алынганын билдирди. Бул багытта облустук өнүктүрүү фондунун салымы чоң экенин кошумчалады.

Бакчанын курулушуна жалпы 14 млн 994 миң 712 сом акча каражаты сарпталган. Ага облустук өнүктүрүү фонду тарабынан 14 млн 994 миң 712 миң сом акча каражаты жумшалган. Жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары 3 млн 98 миң сом каражат ажыратылган.

Пикир

Оставить комментарий