• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Базар-Коргон шаарында спорт аянтчасы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Кечээ, 16-мартта Базар-Коргон шаарында логистикалык спорт борборунун ачылыш аземи болду. Бул тууралуу президенттин жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы суммасы 7 млн 245миң 226 сомду түзгөн. Анын 4 млн 245 миң 226 сому Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган. Калган 2 млн сому Базар-Коргон шаарынын өздүк салымы катары, 1 млн сому элдик салым катары жыйналган.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбек уулу, облустук өнүктүрүү фондунун жетекчиси Танзиля Сатимова, жергиликтүү бийлик жана калаа тургундары катышты.

Пикир

Оставить комментарий