• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Базар-Коргон шаарынын мурдагы мэри кылмыш жоопкерчилигине тартылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.11.22. /Кабар/. Базар-Коргон шаарынын мурдагы мэри жер участокторун мыйзамсыз бергендиги үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон райондук прокуратурасы тарабынан Базар-Коргон шаардык мэриясында текшерүү жүргүзүлүп, 2021-2022-жылдары жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү фактылары аныкталган.

Аталган факт боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен Базар-Коргон шаарынын мурдагы мэри Т.И.А. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинде жана 346-беренесинде (“Кызматтык жасалмачылык”) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен айыбы угузулуп, Базар-Коргон райондук сотуна кароо үчүн жиберилген.

Учурда кароо алдында турат.

Пикир

Оставить комментарий