• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Базар-Коргон жана Сузак райондорунда коронавируска каршы алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Базар-Коргон жана Сузак райондорунда коронавируска каршы алдын алуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон РИИБинин өздүк курамы район аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча райондук ыкчам штабдын мүчөлөрү менен эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Санитардык нормалардын сакталуусун көзөмөлдөө, жугуштуу илдеттин жайылуусунун алдын алуу максатында 5 тойкана, 3 кафе-ресторан жана коомдук тамактануучу жайлар текшерилип, тиешелүү талаптарды сактабагандагы үчүн чаралар көрүлдү.

Алсак бүгүнкү күндө санитардык-эпидемиялогиялык талаптарга жооп бербегендиги үчүн райондук санэпидстанция кызматкерлери менен биргеликте КРнын Бузуулар жөнүндөгү кодексинин беренелеринин негизинде жалпы 86 протокол толтурулуп, 122 500 сом айып пул салынган. Ошондой эле 22 коомдук тамактануучу жайдын ишмердүүлүгү убактылуу 3 күндөн 10 күнгө чейин токтотулган.

Мындай профилактикалык иш-чаралар Сузак РИИБинин кызматкерлери тарабынан да тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Район аймагында жайгашкан эс алуучу жайлар, соода борборлору, базарларда санитардык нормалардын сакталышын күчөтүү багытында иштер алып барылууда. Милиция кызматкерлери соодагерлерди, унаа айдоочуларын, район тургундарын жеке гигиенаны сактоого чакырышып, тиешелүү чакан медициналык каражаттарды жанына алып жүрүү керектигин эскертишүүдө.

Пикир

Оставить комментарий