• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Базар-Коргондо 19 жаштагы жигит “Хизб ут-Тахрир” уюмунан баш тартты

Аймак 0


Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. Базар-Коргон районунда 19 жаштагы жигит “Хизб ут-Тахрир” уюмунан баш тартты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 30-июнда Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы (ЭММКАК) тарабынан облус аймагында “Нелегал” операциясы өткөрүлгөн.

Бул операциянын алкагында экстремизм багытында ыкчам-иликтөө жана профилактикалык иштер жүргүзүлүп, буга чейин ачылган сотко чейинки өндүрүш иши соттун кароосуна жиберилди.

Окуянын чоо-жайы:

2020-жылдын июнь айынын башында Базар-Коргон районунун И. аттуу тургуну социалдык тармакта элдерге “Хизбут-Тахрир” экстремисттик агымынын идеологиясын үгүттөп жүргөндүгү тууралуу маалымат алынган. Аталган факты Базар-Коргон РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 315-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Аталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Базар-Коргон районунун 2001-жылы туулган Д.И. аттуу тургуну элге “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик агымынын идеологиясын үгүттөп жаткандыгы аныкталып, анын “Инстаграм” социалдык баракчасынан алынган буюм далилдерге диний-теологиялык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгында алынган буюмдар КРнын аймагында тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик агымына таандык экендиги аныкталган.

Шектүү Д.И. жасаган кылмыш ишине өкүнүп жаткандыгын ачыктап видео кайрылуу жасаган. Ал “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик агымынын идеологиясы туура эместигин, мындан ары мындай материалдарды таратпай тургандыгын билдирген.

Бул факты милиция тарабынан толук тергелип бүтүп, “Нелегал” операциясынын алкагында Базар-Коргон райондук сотунун кароосуна жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий