• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Базар-Коргондо 6 айылдын тургундары колдоно турган жаңы көпүрө колдонууга берилди

Аймак 0

Ош, 17.10.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Чкалов айылында күн мурун жаңы көпүрөнүн ачылышы болду. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мурдагы көпүрө суу ташкынынын көп болуусунан улам колдонуудан чыгып калган. Көпүрө ашар жолу менен 1999-жылы курулган.

Аталган көпүрөнү 6 айылдын жашоочулары колдонушат: Көк-Тоңду, Чкалов, Ооган-Талаа, кыргоо жана Каба. Чкалов айылынын тургундарынын саны 2 миң 700 адам, калган 5 айылдын тургундарынын жалпы саны 15 миң адамды түзөт.

Көпүрөнүн курулушуна республикалык бюджеттен 15 млн 500 миң сом бөлүнгөн. Узундугу - 32,6 метр, туурасы – 4,2 метрди түзүп, 40 тоннага чейин жүктөрдү көтөрүүгө ылайыкташтырылган.

Пикир

Оставить комментарий