• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Базар-Коргондо айылдашын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.05.23. /Кабар/. Базар-Коргондо айылдашын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон райондук милициясына Могол айыл аймагынын 40 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 26-майда саат 22:00 чамасында 51 жаштагы бир тууган агасынын жансыз денеси айылдашынын үйүнөн табылгандыгын айтып, анын өлүмүнүн себебин аныктап, киши колдуу болгон болсо мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагынын 49 жаштагы Х.А. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө маркумдун дене мүчөлөрү сынган, көгөргөн, сыйрылгандыгы аныкталган. Шектүү Х.А. өз көрсөтмөсүндө 26-майда саат 20:00 чамасында үйүндө айылдашы менен спирт ичимдигин ичип отуруп, мас абалда сөз талаша кетип, айылдашын уруп-тепкилеп койгондугун, ошондон улам ал каза болуп калгандыгын билдирген.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий