• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Базар-Коргондо аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жана улгайган адамдарга жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Базар-Коргон районунун аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга жана улгайган жарандарга 50 тонна ун, 6 миң литр өсүмдүк майы таркатылды. Бул тууралуу Эмгек жанеа социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Аталган гуманитардык жардам КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Айбек Алтынбеков тарабынан берилген.

Бүгүнкү күндө Базар-Коргон районунда 6700 аз камсыз болгон үй-бүлөнүн 20400 баласына “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу төлөнөт. 2258 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар ай сайын социалдык жөлөкпул алса, акчалай компенсация алуучулардын саны 663 жаран. Ал эми 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды караган 206 жеке ассистентке айлык акы төлөнүп берилет.

Учурда өлкөдө жаралган жагдайга байланыштуу Базар-Коргон районунун Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы атайын сурап билүү телефонун ишке киргизди. Азык-түлүккө абдан муктаж болгон жарандар саат 9:00 дөн 17:00 чейин 0774 797300 номуруна чалса болот.

Пикир

Оставить комментарий