• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Базар-Коргондо бирдиктүү алдын алуу күнү өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 21.01.22. /Кабар/. Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмү тарабынан бирдиктүү алдын алуу күнү өткөрүлдү, - деп билдирет Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында 300дөн ашуун кожолук текшерилип, тактоо иштери жүргүзүлдү. Ыкчам анализден 10 атуул өткөрүлүп, 35 атуулдан кол манжа издери алынды. РИИБдин каттоосунда турган 65 атуул менен тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлдү.

Укук бузган 10 атуулга протоколдор толтурулуп, тийиштүү чечимдер кабыл алынды. Мергенчиликти сүйүүчүлөрдүн курал-жарак сактоо эрежелери текшерилди. Ошондой эле эл арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында бир даана сайсыз ок атуучу курал өз ыктыяры менен тапшырылды.

Милиция кызматкерлери тейлеген аймактарында жашаган жарандарга визиттик карталарын таратышып, батир жана мал уурулуктарынан сак болууга чакырышты.

Андан тышкары, билим берүү мекемелеринде жаш балдардын коопсуздугун камсыздоо максатында профилактикалык иштер жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий