• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Базар-Коргондо экотехкөзөмөл кызматынын башкы тескөөчүсү пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. Базар-Коргон району боюнча экотехкөзөмөл кызматынын башкы тескөөчүсү опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 14-майында Жаӊы-Абад айылынын тургуну Р.Т., Базар-Коргон районунун прокуратурасына арыз менен кайрылып, анда Базар-Коргон районунун экология инспектору С.Ч.А., аттуу кызматкер опузалап пара талап кылгандыгын, эгерде бербесе айып пул менен коркутуп жатканын билдирген.

Аталган факт боюнча Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 343-беренеси ("Опузалап пара талап кылуу") менен кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Базар-Коргон райондук прокуратурасынын тергөөчүлөрү жана УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Базар-Коргон району боюнча экотехкөзөмөл кызматынын башкы тескөөчүсү С.Ч.А., пара алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий