• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Базар-Коргондо калкты документтештирүү боюнча штаб түзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда калкты документтештирүү боюнча тийиштүү кызматтардын адистеринен турган атайын штаб түзүлдү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын алкагында райондун аймагындагы туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, паспорт, турак жайына жана жер тилкесине болгон жеке менчик укугун тастыктоочу документтери жок жарандар такталат.

Район акими Жанысак Сатыбалдиевдин белгилешинче, бүгүн атайын штабдын отурму болуп, анда бардык кызматкерлерге тийштүү тапшырмалар берилди. "Мында район аймагында маалыматтарды тактоо иштери кылдат жүргүзүп, калкка даректүү жардамдарды көрсөтүүгө басым жасалат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий