• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Базар-Коргондо кечээ жоголгон аялдын сөөгү суунун жээгинен табылды

Кырсык 0

Бишкек, 25.04.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кара-Үңкүр дарыясынын жээгинен 58 жаштагы аялдын сөөгү табылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 24-апрель күнү Кызыл-Үңкүр айылынын тургуну 1961-жылы туулган Ш.Б. аттуу аял дайынсыз жоголгон.

Издөө иштерине ӨКМдин 31 куткаруучусу, ИИМден 25 кызматкерлер жана жергиликтүү тургундардан 33 адам тартылган.

"Бүгүн саат 15:00 Кара-Үнкүр дарыясынын жээгинен маркумдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий