• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Базар–Коргондо куткаруучулар сууга агып кеткен аялды издөөдө

Кырсык 0

Бишкек, 16-июнь /Кабар/. Базар-Коргон районунда “Жинди-Суу” дарыясына агып кеткен 48 жаштагы аялды издөө уланууда. Бул туурасында ӨКМ басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, изделип жаткан аял “Жаз-Кечүү” жайлоосунан келаткан. Ат менен “Жинди-Суу” дарыясынан өтүп баратып агып кеткени айтылууда. Бул ушул жылдын башынан бери адамдар сууга аккан төртүнчү окуя.

Эскерте кетсек, 20-майда “Өзгөн – Кара-Шоро” унаа жолунун 57-чакырымнда 67 жаштагы малчы “Жазы” дарыясына агып кеткен. Ушул күнгө чейин аны издөө иштери жүрүп жатат. Бирок, тилекке каршы малчы же анын аты табыла элек.

Пикир

Оставить комментарий