• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Базар-Коргондо куткаруучулар жоголгон 5 жашар баланы издеп жатышат

Аймак 0

Бишкек, 22.04.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагында 19-апрель күнү саат 17:00дөр чамасында 2014-жылы туулган И.Э. аттуу бала дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, издөө иштерин жүргүзүү үчүн жалпысынан 133 адам тартылган. Анын ичинен: өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 40 куткаруучу, ички иштер министрлигинен 28 кызматкер жана 65 адам жергиликтүү тургундар.

Издөө иш-чаралары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий