• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Базар-Коргондо милициянын көчмө кабылдамасы аркылуу профилактикалык иштер уланууда

Аймак 0

Бишкек, 22.01.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу жумуштары тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Базар-Коргон районунда милициянын көчмө кабылдама унаасы район аймактарын кыдырууну улантууда. Алар жергиликтүү тургундардын арыз-даттанууларын жана сунуштарын жеринде кабыл алуу менен бирге түшүндүрүү иштерин алып барышууда.

Милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарды мал уурулуктарын болтурбоо үчүн өз короолоруна сак болууга үндөшүүдө. Ошондой эле жаш өспүрүмдөрдүн түнкү убакыттарда себепсиз көчөгө чыгууларын болтурбоо, аларды ар дайым көзөмөлгө алуу зарылдыгы ата-энелерге жеткирилүүдө. Мектеп окуучулары менен жолугушуулар өткөрүлүп, кылмыштуулуктан алыс болуу зарылдыгы айтылып, мыкты билим алуу менен өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошуу керектиги белгиленүүдө.

Эске салсак, 2020-жылдын 12 айында Базар-Коргондо милициянын көчмө кабылдама унаасы 139 жолу аймактарды кыдырууга чыгып, 157 ар кандай маанидеги арыз-даттанууларды кабыл алган. Анын 137си чечилген.

Пикир

Оставить комментарий