• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Базар-Коргондо мурдагы аялы жана анын туугандарына бычак менен кол салган адам кармалды

Аймак 0

Бишкек, 22.02.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Базар-Коргон районунда бүгүн милция кызматкерлери оор кылмыш жасаган адамда кармашкан. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кылыл-Ай айылында 1984-жылы туулган Б.Т., аттуу жаран мас абалында мурдагы аялынын үйүнө бастырып кирген. Шектүү аялына жана анын туугандарына бир нече жолу бычак сайган.

Андан тышкары, шектүү чыр-чатакты угуп чуркап кирген 1983-жылы туулган коңшусу бычак менен сайган, ал ооруканада каза тапты.

Милициянын маалыматы боюнча, жабыркаган беш адам ооруканада жатышат, алардын бирөө алты жаштагы өспүрүм.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Шектүү учурда убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий