• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Базар-Коргондо ууланган бейтаптардын абалы туруктуу – ССМ КР

Ден соолук 0

Бишкек, 21-апрель /Кабар/. Базар-Коргондо салаттан ууланган бейтаптардын абалы туруктуу. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда кыз узатуу тоюнда адамдар салаттан ууланышкан. Эки күндүн ичинде ооруканага 33 адам жаткырылган.

Жалал-Абад облусу боюнча координатор Маматжан Мияновдун айтымында, 2017-жылдын 21-апрелинде стационардык дарыланууда 24 бейтап бар, анын ичинен 4 бала дарыланууда.

“Бейтаптардын абалы туруктуу. 20-21-апрелде 11 адам ооруканадан чыгарылган. Бүгүн дагы экөөнү чыгаруу пландалууда. Учурда калгандарын дарылоо улантылууда”, -деп белгиледи М.Миянов.

Бардык бейтаптар зарыл болгон дары-дармектер менен жетиштүү санда камсыздалган.

Пикир

Оставить комментарий