• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Базар-Коргондо салаттан уулангандардын саны 33кө жетти

Ден соолук 0

Бишкек, 19-апрель /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда майрамдык иш-чарада салаттан уулангандардын саны 33 адамга жетти. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ Базар-Коргон аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө кыз узатуу тоюнда салаттан ууланган 23 адам жаткырылган. КР ССМ билдиргендей, алардын экөөнүн абалы орто, калгандарыныкы канааттандырарлык.

“Жалал-Абад облусу боюнча координатор Маматжан Мияновдун маалыматы боюнча, 19-апрелге карата стационардык дарыланууда 33 бейтап бар, дагы 10 адам жаткырылды. Бардыгынын абалы жакшы. Тамак-аштан ууланууну алдын алуу боюнча жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүрүп жатат”,– деп билдиришти ССМ.

Учурда байкоо уланууда. Лабораториялык изилдөөгө идиш жуучу суулар алынган, изилдөөгө тамактардын жана салаттардын калдыктары жок.

Белгиленгендей, бардык бейтаптар зарыл болгон дары-дармектер менен жетиштүү санда камсыздалган, тиешелүү дарылоодон толук өтүп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий