• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Базар-Коргондо өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмү тарабынан жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери ата-энелер менен жолугушуп, мектеп окуучуларын сабактан сырткары тыкыр көзөмөлгө алуу керектигин эскертишти. Жаштар арасындагы топтошуп мушташууларга бөгөт коюуда жергиликтүү тургандар милиция менен кызматташуу зарылдыгы жеткирилди.

"Ал эми мал жандыктарына байланыштуу Бешик-Жон, Акман айыл аймактарында милиция эл менен жолугушууларды өткөрдү. Жолугушуу учурунда Бишкек-Ош жолунун четинде мал жайгандарга эскертүүлөр берилип, мал жандыктарына байланышкан жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн аларды кароосуз калтырбоо керектиги айтылды. Ошондой эле мал жандыктары кароосуз калгандыктан башка аймактарга өтүп жоголуп кетүү мүмкүндүгү жаралаары жана мал уурулуктарынан сак болуу зарылдыгы белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, район аймагындагы жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алууда милициянын көчмө кабылдама унаасы өз ишин улантууда.

Пикир

Оставить комментарий