• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Базар-Коргондо жаңы көпүрө пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 13.10.17 /Кабар/. Бүгүн, 13-октябрда Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл аймагындагы Базар-Коргон – Арстанбап автожолунун 28 чакырымындагы Чкалов айылында жаңыдан курулуп бүткөрүлгөн көпүрө жергиликтүү элдин катышуусу менен салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

1999-жылы элдик ашар ыкмасы менен бүткөрүлгөн эски көпүрө быйылкы жылдын жаз айларындагы Кара-Үңкүр дарыясындагы суунун көлөмүнүн кескин көбөйүүсүнөн улам, Чкалов айылына өтүүчү көпүрөнүн таяныч тирөөчтөрү 50-60 см. чейин жерге олтуруп, автотранспорт каражаттары өтө албай турган абалга келип калган. Көпүрөнү бир гана Чкалов айылынын эли гана пайдаланбастан, Могол жана Талды-Булак айыл аймактарынын Көк-Тонду, Чарбак, Ооган-Талаа, Кыргоо жана Каба айылдарынын калкы дагы пайдаланып келишкен. Аталган айылдардын жашоочулары бул көпүрө аркылуу өтүшүп, 1000 га. аянтка дыйканчылык иштерин жүргүзүп, чөп чабынды жана мал жайыттарына тынбай катташып турушат.

Быйылкы жылдын 8-августунда жаңы көпүрөнүн курулуш иштери башталып, 8-октябрга көпүрө толугу менен сапаттуу бүткөрүлдү. Жаңы көпүрөнү курууга республикалык бюджеттен 15 млн. 500 миң сом ажыратылып, аны сапаттуу бүткөрүү тапшырмасы КРнын жол жана транспорт министрлигине караштуу Бишкек – Ош автожолунун мамлекеттик дирекциясына караштуу Жалал-Абад жол куруу ишканасына жүктөлгөн. Жаңы көпүрөнүн узундугу 32,6 метрди түзүп, туурасы 4,2 метр келип, жүк көтөрүмдүүлүгү 40 тоннаны түзөт.

Кара-Үңкүр дарыясы аркылуу Чкалов айылына өтүүчү жаңы көпүрөнүн салтанаттуу пайдаланууга берүү иш чарасына КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Сайдулла Нышанов, Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов, Бишкек – Ош автомагистралынын мамлекеттик дирекциясынын генералдык директору Тыныбек Кадырбаев, Могол айыл аймагынын башчысы Эркин Турдукулов жана Чкалов айылынын жашоочулары катышты. Жаңы көпүрөнүн ачылыш аземине келишкен жетекчилер кызыл тасманы кесишип, жергиликтүү тургундарды көпүрөнүн салтанаттуу ишке берилиши менен кызуу куттукташып, элдин жакшылыгына көп жылдарга кызмат өтөөчү акжолтой көпүрө болуусун каалап кетишти. Чкалов айылынын кадырман аксакалы Жаныш Кочкоров жалпы элдин атынан көпүрөнүн курулушуна жакындан салым кошушкан жетекчилерге жана курулуш ишканасынын куруучуларына ак дилинен чыккан ыраазычылык алкоосун билдирип, ак батасын берди.

"Чкалов айылына өтүүчү Кара-Үңкүр дарыясына курулган жаңы көпүрөнү курууга жана анын айланасын жана тирөөчтөрүн бышыктап бекемдөө жумуштары менен 1,5 км. жолду асфальттоого жалпысынан республикалык бюджеттен 31 млн. 700 миң сом каралган. Азыркы мезгилде узундугу 32,6 метр жана туурасы 4,2 метр. келген жаңы көпүрөнү бүткөрүүгө республикалык бюджеттен 15 млн. 500 миң сом толук сарпталды. Көпүрөнү сапаттуу куруу үчүн ага кеткен метал конструциялары толугу менен Россиядан алынып келинди. Көпүрөнүн жүк көтөрүү кубаттуулугу 40 тоннаны түзөт. Жаңы көпүрөнүн пайдалануу мөөнөтү 50 жылдан ашат. Бөлүнгөн каражаттын калган бөлүгү акырындык менен натыйжалуу иштетилет",- деди КРнын жол жана транспорт министрлигине караштуу Бишкек – Ош автожолунун мамлекеттик дирекциясынын Жалал-Абад жол куруу ишканасынын башчысы Муса Сагынбаев.

Базар-Коргон районундагы Чкалов айылында 300 кожолук түтүн, же болбосо 2700 эл жашайт. Ал эми Могол айыл аймагы боюнча жашаган калктын жалпы саны 15 миңден ашат. Кара-Үңкүр дарыясы аркылуу Чкалов айылына өтүүчү жаңы көпүрөнүн ишке берилиши менен ал аркылуу автотранспорт каражаттары толук жүрө баштады.

Пикир

Оставить комментарий