• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Базар-Коргондо жаңы жылдык балаты өрттөндү

Аймак 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Базар-Коргондо жаңы жылдык балаты өрттөндү, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 31-декабрда, таңкы саат 05:44тө Базар-Коргон шаарында жаңы жылга карата орнотулган балаты өрттөнүп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Жерине бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, күйгөн балаты 05:49да чектөөгө алынып, өрт толугу менен саат 05:52де өчүрүлдү.

"Майрамга карата кооздолуп жасалган балатынын 30 пайызы күйгөндүгү аныкталып, учурда калыбына келтирүү иштери жүрүүдө", - деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий