• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Базар-Коргондо жашап кеткен Аляскалык Маргарита көчмөндөр оюндарын көрүү үчүн кайрадан кыргыз жергесине келди

ДКО 2018 0


Бишкек, 05.09.18. /Кабар/. Бүгүн үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (ДКО) төртүнчү күнү. Ушул тапта Бактуу-Долоноту айылындагы Ден соолукту чыңдоо борборунда жана Кырчын капчыгайында (Ысык-Көл облусу) ДКОнун алкагында уюштурулган спорттук жана маданий иш-чаралар кызуу жүрүп жаткан кези. Ар кандай мелдештерге катышуу үчүн чет өлкөдөн 2000ге жакын спортчулар келишкен, алардын арасында атайын көчмөндөр оюндарын көрүп, көчмөн элдердин жашоосу менен жакындан таанышууну каалаган туристтер да абдан көп. Алардын бири Аляскалык Маргарита. Ал Кыргызстанга сиңдилери менен чогуу келген.

Маргаританын айтымында, аларга көчмөндөр оюндары абдан жагып жатат.

“Мен Жалал-Абад облусунда эки жыл жашаганмын. Кийин Аляскага үй-бүлөмө кеттим. Мына эми Кыргызстанга кайрадан келгениме кубанып олтурам. Кыргызстанды абдан сагындым”, - деп өз кубанычы менен бөлүшүп, этношаарчанын алкагында уюштурулган иш-чаралар абдан жагып жаткандыгын кошумчалады.

Эске сала кетсек, үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-нен 8-сентябрга чейин Ысык-Көлдө өтөт. Катышуучулар спорттун 37 түрү боюнча мелдешет. Ал үчүн Ысык-Көлдүн жээгине дүйнө жүзүнөн 2000ге жакын спортчу келди.

Пикир

Оставить комментарий