• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Базар-Коргондо жер көчкү дарыяны богоп, анда топтолгон суу 450 үй-бүлөну каптоо коркунучунда турат

Кырсык 0

Бишкек, 7-апрель /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 2017-жылдын 6-апрель күнү саат 21:30 чамасында Талды-Булак айыл аймагына караштуу Көк-Алма айылынын Коргон-Жар участкасында көлөмү болжол менен 750 000 м3 жер көчкү дарыянын болжол менен турасы 150 метр, бийиктиги 30 метр аралыгын басып, сууну бөгөп калган. Жабыркагандар жок. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя катталган жерге КР ӨКМнин райондук бөлүмүнүн башчысы, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким, Талдуу-Булак айыл аймагынын башчы, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 15 куткаруучулары, Таш-Көмүр шаарындагы 2- издөө куткаруу отрядынан 30 куткаруучу, КР ӨКМнин алдындагы ККБНнун ЫНК башкармалыгынын башчысынын Көчмө башкаруу пункту (ППУ) тартылган.

Облустук жана райондук Жарандык коргонуу кызматтары, КР ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы, ӨКМнин Мониторинг адиси жана жергиликтүү бийлик жетекчилери көчкү болгон жерге барышып, улам көчкү сүрүлүп, сууну бөгөп калуу коркунучу пайда болгондуктан, суу каптоо коркунучу бар Базар-Коргон районунун Кенеш, Базар-Коргон, Бешик-Жон, Сейдикум айыл аймактарында жашаган жалпы 1450 үй-бүлөнү, ал эми Ноокен районунун Сакалды, Арал айыл аймактарында жалпы 1134 үй-бүлөнү коопсуз жерге убактылуу көчүрүп чыгаруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Жогорудагы айылдардан жалпысы 414 үй-бүлө коопсуз жерге көчүрүлүп, дарыянын нугу бир аз ачылгандыктан саат 03:20да токтотулуп, калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

2017-жылдын 7-апрель күнү саат 3:15те Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Кубатбек Боронов жана орун басары Равшан Рысбаев жер көчкү жүргөн жерге барышып, жеринде өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин алдын алуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий