• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Базар-Коргон: Аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү оңдоодон өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон райондук аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Бул тууралуу Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты оңдоп-түзөөдөн өткөн соң кайрадан иштеп баштады.

Ушул жылдын 3-июлунда 23 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмү райондогу балдардын реабилитациялык борборуна (санаторияга) көчүрүлүп, инфекциялык бөлүмдүн имаратын оңдоо иштери башталган. Имараттын бөлмөлөрү, жуунучу жайлары толук жаңыланды.

Мындан сырткары, инфекциялык бөлүмдүн жанында жеке ишкерлер иштеткен имарат да кайтарылып, жалпы 52 орундукка ылайыкташтырылды. Ошентип толук оңдоодон өткөн жугуштуу оорулар бөлүмү кайрадан өз ордунда иштей баштады. Ал эми балдардын санаториясы дезинфекциялоодон өтүп, мурунку калыбында иштеп жатат.

Белгилей кетсек, имаратты оңдоо иштери Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан каржыланды.

Пикир

Оставить комментарий