• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Базарбаев: Кыргызстанда ар бир төртүнчү үй-бүлөдө кеминде бир эмгек мигранты бар

Коом 0

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 7-июнда Бишкекте Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан уюштурулган "Миграция жана өнүктүрүү: перспективалар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" форуму өтүүдө.

Министр Кудайберген Базарбаев белгилегендей, бүгүнкү күндө дүйнөдө 181 миллиондон ашык эмгек мигранты бар.

"Кыргызстанда миграция 3 миллион адамдын – эмгек мигранттарынын, алардын балдарынын жана үй-бүлөлөрүнүн тагдырына таасир этет. Кыргызстанда ар бир төртүнчү үй-бүлөдө кеминде бир эмгек мигранты болот. Мигранттардын негизги жашы - 18 жаштан 45 жашка чейин. Акыркы жылдардагы тенденциялардын бири тышкы миграциядагы аялдардын өсүшү болду. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2014-жылдан баштап тышкы жана ички миграцияга катышкан аялдардын саны эркектерден кыйла көп. 2018 - жылы алардын саны эркектерден дээрлик эки эсе көп болду", - деди министр.

Форумда эмгек миграциясынын өсүшү дүйнө жүзү боюнча байкалууда. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча эмгек мигранттарынын саны дээрлик 181 миллион адамга жетет. Мигранттардын жалпы агымында эмгек мигранттары 60%дан ашыгын түзөт.

Ошол эле учурда Кудайберген Базарбаев улуттук эмгек рыногун өнүктүрүү зарылдыгына көңүл бурду.

"Алдыдагы 5 жылда ишке жарамдуу курактагы адамдардын саны 250 миң адамга көбөйөт деп болжолдонууда. Эмгекке жарамдуу курактагы жаштардын жыл сайын табигый агылып келишинен улам, өлкө эмгек рыногунда дайыма кысымга дуушар болот. 2030 - жылга карата эмгек рыногуна жылына 350 миңдей адам чыга турган кысымдын туу чокусуна жетет", - деди ал.

Маселени чечүү үчүн министр үч негизги мамлекеттик органдардын – Экономика жана соода министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өз ара аракеттенүүсүнүн бирдиктүү системасын түзүүнү сунуштады.

Анын айтымында, жаңы ишканаларды ачуу, актуалдуу квалификациялуу кадрларды даярдоо, эмгек рыногунда талап кылынган адистиктерди кайра окутуу жана кайра квалификациялоо үчүн шарттарды түзүү ички жана тышкы рыноктордо ишке орноштурууга көмөк көрсөтүп, өлкөнүн экономикасынын керектөөлөрүн квалификациялуу эмгек ресурстары менен камсыз кылат.

Пикир

Оставить комментарий