• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Базарбаев: Памирлик кыргыздар үчүн атайын багыттагы шаарчанын курулушу 2022-жылы башталат

Аймак 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Памирлик кыргыздар үчүн атайын багыттагы шаарчанын курулушу 2022-жылы башталат. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Алай районунун Талды-Суу айылында жашаган Памир кыргыздары менен болгон жолугушууда билдирди.

"Президент Садыр Жапаров Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Бүргөндү-Суу тилкесин бөлүп, калган этникалык кыргыздарды көчүрүү үчүн атайын шаарчанын курулушуна капсула салды. Азыр иш жүрүп жатат. Министрликтин ушул жылдагы бюджетинен Чоң-Алай районуна 10 млн сом бөлүнүп берилген, 70 гектар жерди трансформациялоо, поселканын башкы планын түзүү, инженердик-архитектуралык пландоо боюнча иштер аяктады. Курулуш иштери кийинки жылы башталат. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын 2026-жылга чейинки министрлер кабинетинин стратегиялык өнүгүү боюнча улуттук программасына киргизилген", - деди министр.

Памир кыргыздарына андан тышкары, министр Кудайберген Базарбаев президенттин атынан азык-түлүк жана кышкы кийим-кече түрүндөгү гуманитардык жардам берди.

Пикир

Оставить комментарий