• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Базаркул Данияровдун 120 жылдыгына арналган кереге-кеңеш өттү

Коом 0

Бишкек, 18.01.18 /Кабар/. Бүгүн, 18-январда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында алгачкы кыргыз агартуучусу Базаркул Данияровдун 120 жылдыгына арналган кереге-кеңеш өттү. Бул тууралуу УИА басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарада 1920–30-жылдардагы агартуу иштери, агартуучулар жөнүндөгү маалыматтарды чогултуу; Б. Данияровдун ишмердүүлүгүн коомчулукка жайылтуу максатында республикалык илимий-практикалык конференция уюштуруу; П. Юдахин жана Б. Данияров жөнүндө ЖОЖдордо атайын окууларды уюштуруу; Б. Данияров атындагы сыйлык уюштуруп, мыкты окутуучуларга, студенттерге, изилдөөчүлөргө ыйгарууну КРнын Билим берүү жана илим министрлигине сунуштоо демилгелери көтөрүлүп, резолюция кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий