• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Базаркулов:”Мен Текебаевдин соту боюнча кандай болсо ошондой айттым”

Коом 0

Бишкек, 12-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. “Альфа-Телекомдун” башкы директору Азат Базаркулов “Ата Мекенчи” депутат Алмамбет Шыкмаматовдун кечээ сот процессиндеги айткандарын төгүндөдү. Эскерте кетсек, Шыкмаматов аталган партиянын лидеринин сотуна күбө катары катышып, анда Азат Базаркулов Өмүрбек Текебаевге каршы берген көргөзмөсүн кимдир бирөөнүн кысымынан улам берип жатам деди деп билдирген.

Базаркулов “Кабар” агенттигине билдиргендей, аны Текебаевге каршы көрсөтмө бер деп эч ким кыйнабагандыгын билдирди.

“Мен кандай болсо, ошондой айтып бердим”,-деди Базаркулов.

Айрым массалык маалымат каражаттары Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотундагы соттук процессте Шыкмаматов беттештирүү бүткөн соң УКМКнын мекемесинин жанында Базаркулов менен сүйлөшкөнүн, ал өзүнүн үй-бүлөсүнөн коркконунан Текебаевге каршы көрсөтмө бергенин айтканын билдирди деп жазышты. Ошондой эле, Шыкмаматовдун айтымында, Базаркулов ага кимдир бирөөлөр Текебаев Маевскийден акча алганына күбө болгом жана ал жакта Шыкмаматов дагы бар болчу деп айтасың деп коркутканын айтып берген.

Өз кезегинде Базаркулов “Кабарга” Шыкмаматов менен мындай сүйлөшүү болгон болбогону эсимде жок деп билдирди.

Эскерте кетсек, Ө. Текебаев менен Д. Чотонов коррупция беренеси менен айыпталууда.

Пикир

Оставить комментарий