• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында базарларды текшерүү күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында ачык асман алдында соода жүргүзгөндөргө рейд жүрдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, вице-мэр Нуртилек Орозбаев баштаган топ борбордук базардагы абалды текшеришти. Тамак-аш коопсуздугуна ылайык, бышырылган тамактарды ачык абалда сатууга тыюу салынат. Бул боюнча тийиштүү адистер түшүндүрүү ишин алып барышты.

Соодагерлерге санитардык талаптарды сактоо менен иштөө эскертилди. Сатуучулар кардарларды беткап тагынып, колкап менен тейлеши керектиги айтылып, атайын эскертме кагаздары берилди.

Шаар бийлиги коронавирустун экинчи толкунун алдын алуу багытында мындай түшүндүрүү иштерин дагы улантат.

Пикир

Оставить комментарий