• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бажы алымдарынын жана салыктардын белгиленген чендери алмашылган эмес — Бажы кызматы

Экономика 0

Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматы жалпыга маалымдоо каражаттарындагы бажы алымдарынын эки эсе жогорулагандыгы тууралуу билдирүүлөрдү төгүндөйт.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, бажы алымдарынын жана салыктардын белгиленген чендери алмашылган эмес.

Товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келүүдө Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 46-беренесинин 1-пунктуна ылайык төмөнкү бажы алымдары төлөнөт:

- товарларды чыгаруу менен байланышкан аракеттерди жасоо үчүн бажы жыйымдары товардын бажы наркынан 0,25 пайыз өлчөмүндө;

- Евразия экономикалык комиссиянын Кеңешинин 16.07.2012-жылдагы №54 Чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифи менен бекитилген чендер боюнча ташып кирүү бажы алымы:

- кошулган нарк салыгы 12% өлчөмүндө.

Ушуну менен бирге белгилей кетчү нерсе, ташып кирүү бажы алымынын белгиленген чендери Евразия экономикалык бирликтин беш мүчө-мамлекети үчүн бирдей.

Бажы кызматы экономикалык коопсуздукту коргоо максатында үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келинген товарларга карата бажы контролун, анын ичинде бажы наркын жана ЕАЭБ ТЭИ ТН ылайык товарларды классификациялоонун тууралыгын контролдойт. Бул багыттар бажы төлөмдөрүн өндүрүүнүн толуктугуна таасирин тийгизет.

Анткени бажы наркы бажы төлөмдөрүн эсептөө үчүн база болуп саналат, ал эми товарларды туура классификациялоодон ташып кирүү бажы алымынын өлчөмү көз каранды болот.

Тиешелүү бажы алымдарын төлөөдөн качуу максатында, тышкы экономикалык ишмердиктин айрым ак ниеттүү эмес катышуучулары (мындан ары – ТЭИ катышуучулары) товарларга декларацияларда товарлар тууралуу жалган маалымат беришет. Бажы кызматынын укук коргоо бөлүнүштөрү тарабынан жүргүзгөн оперативдүү-ыкчам иш-чаралары мындай учурларды далилдеп жатышат. Бажы эрежелерин бузуунун бардык фактылары боюнча материалдар тергөөө караштуулугу боюнча тиешелүү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Мисалы, бажы алымдарынын кыйла жогору чендери коюлган “кийим, бут кийим” товарларынын ордуна, ташып кирүү бажы алымынын төмөн чендери берилет, ошентип, мындай кырдаал ташуучу фирмалар товарларды базарлардын сатуучуларына иш жүзүндө бажы жагынан таризделген товарларга ылайык келбеген товарларды беришет.

Ошентип, базарлардын сатуучулары ташуучу фирмаларга товардын салмагы үчүн төлөшөт жана мындай товардын акыркы наркы кантип калыптанышын элестете алышпайт.

“Маалымат иретинде белгилеп кетчү нерсе, Түркия Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын бажы кызматтары менен бажылык башкарууну жакшыртуу максатында ташып өткөрүлүүчү товарлар жана транспорттук каражаттар тууралуу маалыматтарды электрондук маалымат алмашуу боюнча механизм иштелүүдө.

Туура эмес жана жалган маалыматты жайылтууга жол бербөө максатында жарандарды, ТЭИ катышуучуларын пайда болгон маселелер боюнча - 0 (312) 510630 телефону аркылуу түздөн түз Бажы кызматына кайрылууну суранат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий