• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө коридорлордун түрлөрү аныкталды

Өкмөт 0

Бишкек, 29.11.21. /Кабар/. Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө коридорлордун түрлөрү аныкталды. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган чечим бажы органдары тарабынан тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чараларды дифференттүү колдонуунун зарылдыгы аныкталбаган Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүнү тездетүү жана жөнөкөйлөтүү үчүн тобокелдиктерди башкаруу системасын пайдалануу максатында кабыл алынган.

Мындан улам, «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 103-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык, бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө коридорлордун төмөнкүдөй түрлөрү жана категориялоонун жыйынтыктары боюнча колдонулуучу тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча аларга тиешелүү чаралары аныкталды:

1) «жашыл коридор» – тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чаралар колдонулбайт;

2) «сары коридор» – документтерди текшерүү менен байланышкан тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чаралар колдонулат;

3) «кызыл коридор» – «бажылык жана башка документтерди жана (же) маалыматты текшерүү» жана «бажылык текшерүү» бажы контролунун формаларын милдеттүү түрдө колдонуу менен тобокелдиктерди минималдаштыруу үчүн бардык чаралар колдонулушу мүмкүн.

«Жашыл коридор» боюнча тобокелдиктин деңгээли төмөн болгон тышкы экономикалык иштин катышуучусунун дарегине өткөрүлүүчү жана ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна жайгаштырылуучу товарларга карата товарларды чыгаруу мөөнөтүнүн индикатору – тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чараларды колдонбостон бажы декларациясы катталган учурдан тартып 30 мүнөттөн ашпаган убакытка белгиленип, буга бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте «жашыл коридордон» башка коридорго өткөрүү учурлары кирбейт.

Ошондой эле ушул токтомдун 2-пунктунда белгиленген учурларды кошпогондо, бажылык тариздөө жерлеринде бажылык декларациялоодо бажы декларациясы катталган учурдан тартып же Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 119-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлардын бири келип чыккан учурдан тартып товарларды чыгаруу мөөнөтүнүн индикатору – товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштырууда үч сааттан ашпаган убакытка белгилөө чечими кабыл алынды.

Ал эми бажы декларациясы бажы органынын иш убактысынын аяктаарына үч сааттан аз убакыт калганда же Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 119-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлардын бири келип чыккан учурдан тартып катталган учурда – Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 119-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, ушул бажы органынын иштеп баштаган учурунан тартып 3 сааттын ичинде деп көрсөтүлгөн.

Жактарды тобокелдиктин төмөн, орто же жогорку деңгээлиндеги категорияларга киргизүү тартиби жана критерийлери бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат деп белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий