• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бажы кызматкери шайлоо тилкесинде турат деген маалымат текшерилет - БШК

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Формачан бажы кызматкери шайлоо тилкесинде турат деген маалымат текшерилет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, бажы кызматкери шайлоо тилкесинде турат деген маалымат ага оозеки түрдө түшкөн.

"Ал маселе БШКнын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна тапшырылды. Ал жакта бажы кызматкери эмне кылып жатканын текшерүү керек. Алар укук коргоо органдарынын катарына кирбейт. ИИМдин кызматерлеринен башка УКМК, Каржы полициясы, Башкы прокуратура же соттор шайлоо тилкесинде тура албайт", - деди Шайназаров.

Пикир

Оставить комментарий