• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бажы кызматкерлери 1 млн сомдон ашуун суммадагы аткезчилик товарларды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. Бажы кызматкерлери 1 млн сомдон ашуун суммадагы аткезчилик товарларды кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери Ноокат районуна караштуу Үч-Бай айылында К. уулу Т. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Volvo” үлгүсүндөгү унааны токтотуп, текшеришкен.

Унааны текшерген учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 11400 кг кургатылган жемиштер табылган.

Кармалган товардын орточо базар баасы 582000 сомду түзөт.

Мындан сырткары, Ыкчам бажынын кызматкерлери Чек ара кызматынын жана Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте, Баткен областындагы “Жаштык” байкоочу постуна жакын жерде, Тажикстандын аймагына мыйзамсыз товар чыгарууга аракет жасоо маалында С.Р. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унааны токтотуп, текшерүүгө алган.

Текшерүү учурунда унаадан дары-дармек каражаттары жана алкоголдук продукциялар табылган. Айдоочу чыгарылып бара жаткан товарлар мыйзамдуу экенин тастыктаган бир дагы документ көрсөтө алган эмес.

Кармалган товардын орточо базар баасы 500000 сомдон ашуун.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий