• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бажы кызматкерлери мыйзамсыз ташылып келе жаткан 4 тонна жезди кармашты

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери мыйзамсыз ташылып келе жаткан 4 тонна жезди кармашты.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, Ыкчам бажысынын кызматкерлери Ош областында “Н.Ж.Н.”, аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “DAF XF 430” үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшеришкен.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы 4000 кг түстүү металдын калдыктары - жез табылган. Кармалган товардын баасы 800 000 сомду түзөт.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле Ыкчам бажысынын кызматкерлери тарабынан “А.С.” кен чыгуучу жерде “Ч.Т.” ЖЧКнын жоопту сактоосунда турган «ZWY-80» моделдеги кен жүктөөчүнү жеке жакка өткөрүп берүү фактысы боюнча бажылык укук бузуу аныкталган.

Кармалган товардын орто рыноктук баасы 1 067 137, 50 сомду түздү.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин АМСтын МЭЖКда катталды жана материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүп берүү үчүн Ош облустук прокуратурасына берилди.

Пикир

Оставить комментарий