• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бажы кызматкерлери мыйзамсыз ташылып келе жаткан унааны аныкташты

Коом 0

Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. "Түштүк-Батыш" бажысынын кызматкерлери декларацияланбаган унааны аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Түштүк-Батыш" бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө товарлардын туура эмес декларациялоо фактысын аныкташкан.

К.А.Б. алуучунун дарегине БАЭден, жарым чиркегич менен унаада ассортименттеги автомобиль тетиктери келген.

Унааны алдын ала кароо учурунда декларацияланбаган — Toyota Crown унаасы аныкталган.

Факты тиешелүү органда катталып, материалдар КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий