• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Наркы 5,3 млн сом. Кыргызстанга аткезчилик жолу менен ташылып келген тамеки кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Кыргызстанга аткезчилик жолу менен ташылып келген тамеки кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, оперативдүү бажы кызматкерлери тарабынан 2021-жылдын 13-ноябрында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылында жаран М.С.Н башкаруусундагы «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Унааны кароонун жүрүшүндө 1300 000 санда акциздик маркасы жок - «Milano London» жана «Milano Tech Lock» соода маркасынын фильтрлүү тамекилер – товарлар табылган. Жалпы наркы 5 млн 325 миң сомду түзгөн товар ЕАЭБ бажы мыйзамдарын бузуу менен ташылып келген.

Бул факт боюнча КР Жазык кодексинин 102-беренесинин белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш катталган.

Пикир

Оставить комментарий