• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бажы кызматкерлери ыкчам иш боюнча билимдерин жогорулатты

Коом 0

Бишкек, 25.03.23. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын 23 кызматкери ыкчам иш боюнча билимдерин жогорулатты.

Ведомоствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, бажычылар "Операциялык ишмердикте маалыматтык-аналитикалык иштердин негиздери", "Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун алып келүүнү/чыгарууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар. Жаңы психотроптук заттардын жана амфетаминдик стимуляторлордун таралышына каршы аракеттенүү", "Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн түшкөн кирешелерди легалдаштырууну аныктоо" темалары боюнча жаңы билимдерге ээ болушту.

Окутуу ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен 11-14-мартта "Түштүк-Батыш" бажысында жана 15-17-мартта "Түштүк-Батыш" бажысынын Жалал-Абад бажы башкаруу борборунда өткөрүлдү.

Окутуулардын негизги максаты – Кыргызстандын бажы органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, тактап айтканда, ыкчам-иликтөө иш-чаралары, ачык маалымат булактарынан интернет-чалгындоо, ачык жана жабык маалымат базаларынан алынган маалыматтарды практикалык колдонуу жаатында, ошондой эле алынган оперативдүү маалыматты документтештирүү негиздеринде ыкчам бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу болуп саналат.

Контролдук тестирлөөнүн жыйынтыгында катышуучуларга курсту аяктагандыгы тууралуу сертификаттар берилди.

Пикир

Оставить комментарий