• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бажы кызматкерлери Ысык-Көл спорттук оюндарында байгелүү орундарды багындырууда

Спорт 0

Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери XX мааракелик Эл аралык Ысык-Көл спорттук оюндарында байгелүү орундарды багынтып жатышат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө ведомствонун кызматкерлери төмөнкү спорттун түрлөрү боюнча байгелүү орундарга ээ болушту:

- Шопоков Исхакбек 90 килограмм салмактык категорияда күрөш боюнча 1-орун;

- Ливерко Андрей 78 килограмм салмактык категорияда 40 жаштагы эркектер арасында гиря спорту боюнча 2-орун;

- Эсен Чорданов 35 жаштан жогору эркектер арасында 60 метр кум үстүндө чуркоо жеңил атлетика боюнча 2-орун;

- Максат Көлбаев эркектер арасында Дартс боюнча 3-орунду;

- Урмат Карыбеков 50 метр дистанцияга сүзүү боюнча 35 жаштан жогору эркектер арасында 3-орун;

- Адилет Жумабаев 82 килограмм салмактык категорияда самбо боюнча 3-орун.

Эскерте кетсек, 4-сентябрдан тартып Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында XX мааракелик Эл аралык Ысык-Көл спорттук оюндары өтүп жатат.

Мелдешке КМШ, Кытай, Литва жана Германия өлкөлөрүнөн 2,5 миң спортчу катышууда. Бул жылы спорттун 18 түрү боюнча медалдар ойнотулуп жатат. Мааракелик Ысык-Көл спорттук оюндары 12-сентябрда аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий