• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бажы кызматы 1 млн сомдон ашуун суммадагы аткезчилик товарларды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 1 млн 91 миң сом суммасындагы аткезчилик товарлар кармалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматька ылайык, Баткен бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен областынын Зарташ айылында Т.Ж., аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерилген.

Унааны текшерген учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы 59 миң метр таңгакталган, эки зымдуу изоляцияланган алюминий зымдар табылган.

Экспертизанын берген кортундусуна ылайык кармалган товардын орточо базар баасы 531 миң сомду түзөт.

Мындан сырткары Ыкчам бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен областынын Кадамжай районуна караштуу Пүлгөн айылында О.А.Г., аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унаа текшерилген.

Унааны текшерген учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы 70 миң метр таңгакталган, эки зымдуу изоляцияланган алюминий зымдар табылган.

Кармалган товардын орточо базар баасы 560 миң сомду түзөт.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий