• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бажы кызматы 2015-жылдан бери кампада сакталып турган товарлардын ээлерин издейт

Коом 0

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматы “Манас” эл аралык аэропорту” ЖАКтын кампасында турган товарлардын ээлеринен аэропорттун бажы кызматына кайрылуусун суранды.

Маалыматка ылайык, КР Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 2015-жылдан 2019-жылга чейинки аралыкта "КММ" ЖАКтын убактылуу сактоо кампасында (Сокулук району, Манас эл аралык аэропорту) талап кылынбаган товарлар топтолгон жана аларды чыгарууга байланыштуу бажы операциялар ушул кезге чейин жүргүзүлө электигин кабарлайт.

“Ушуга байланыштуу аталган товарлардын ээлери 0312-69-30-16, 0312-69-36-05, 0312-69-30-89 телефон номерлери аркылуу “Манас” бажысына байланышуусу керек экендигин билдирет”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий