• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бажы кызматы: Автоунааны алып келүүдө бажы төлөмүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды

Коом 0

Бишкек, 23.11.20. /Кабар/. ЕАЭБ аймагына автоунаа алып келүүдө бажы төлөмүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бажы кызматкерлери “К.И.Ч.” аттуу КР жараны тарабынан “Honda jazz” унаасын ЕАЭБ бажы аймагына алып келүүдө бажы төлөмүн төлөөдөн качуу фактысын аныктаган.

“Аталган автоунаа бажылык тариздөөдөн 2008-жылы чыккан унаа деп өткөрүлүп, 37 миң 729 сом бажы төлөмү төлөнгөн. “Эксперт Юг” мекемесинин адистерин тартуу менен өткөрүлгөн экспертизанын жыйынтыгында, ал унаа 2005-жылы чыкканы тастыкталды. Алдын ала эсеп боюнча, анын бажы төлөмү 523 миң 389 сомду түзөт. Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий