• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бажы кызматы: Өлкөгө 1,2 млн сомдук аткезчилик жол менен ташылып келген товар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Өлкөгө 1,2 млн сомдук аткезчилик жол менен ташылып келген товар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Баткен” бажысынын кызматкерлери Баткен областында “М.И.И.”, аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Volvo FH12” үлгүсүндөгү унааны чиркегичи менен токтотуп текшеришкен.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы 18560,5 кг желим ящиктерге салынган өрүк табылган. Кармалган товардын орточо базар баасы 1 205 820 сомду түзөт.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий