• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бажы кызматы: Оптималдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар оң натыйжаларды берүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Өкмөт тарабынан өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдоонун түрлөрүн өткөрүүнү оптималдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар оң натыйжаларды берүүдө, - деп билдирет Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат кызматы.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы №64 «Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдун түрлөрүн жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө» токтому менен товраларды экспорттоодо санитардык-карантиндик, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук жаатындагы контролду жүзөгө ашыруу, ошондой эле тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоону ырастоо боюнча бардык зарыл аракеттер бажылык тариздөө жайларында гана жүргүзүлөт деп белгиленген.

Демек, чек арадагы өткуөрүү пункттарында экспорттолуучу товарлар чыгууда аталган контролдоонун түрлөрүн жүзөгө ашыруу, контролдук иш-чараларды камтуусу боюнча бири-бирин кайталаган деп таанылган жана жүргүзүлбөөгө тийиш.

Бул чаралар Өкмөт тарабынан өлкөдөн товарларды экспорттоону колдоо, чек араларда жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана оптималдаштыруу максатында кабыл алынган, анткени товарлар чыгууда өткөрүү пункттарында кайталануучу контрол жана мурда берилген документтерди каттоо жүргүзүлгөн, бул экспорттоочулар үчүн кошумча убакыт чыгымдарына алып келген.

Бүгүнкү күндө көрүлгөн чаралар өздөрүнүн негиздүү жыйынтыктарын алып келүүдө, ошентип ушул жылдын 1-кварталында экспорттолуучу товарлардын көлөмү 648,2 миң тоннаны түздү жана өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 71,2%га жогорулады.

Кайталануучу иш-чараларсыз Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБтин бажы аймагында жайгашкан ткрм пунктар аркылуу өлкөдөн экспортко жалпы суммасы 97,3 млн сомду түзгөн 4548,1 тонна товар (ич эттер, жер жана мөмө жемиштер, кургатылган мөмө жемиштер, жаңгактар жана минералдык суулар) чыкты.

Пикир

Оставить комментарий