• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бажы кызматы “Санарип тамга” долбоорун пилоттук режимде ишке киргизди

Коом 0

Бишкек, 11.12.20. /Кабар/. Өткөрүү пункттары аркылуу жүктөрдү өткөрүү убактысын тездетүү үчүн бажы жол-жоболорун санарип форматка өткөрүүнүн алкагында Мамлекеттик бажы кызматы Германиянын эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) “Борбордук Азияда соода жол-жоболорун жеңилдетүү” программасынын колдоосу менен 11-декабрдан тартып Түштүк-Батыш бажысынын "Достук" өткөрүү пунктунун базасында чек арада бардык мамлекеттик контролдоочу органдардын электрондук өз ара аракеттенишүү боюнча долбоорун пилоттук режимде ишке киргизди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бажы кызматы тарабынан демилгеленген иш-чара өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдоочу органдар жүргүзгөн тиешелүү жол-жоболорду оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.

Иштелип чыккан программалык камсыздоо МБКнын базасына берилген алдын-ала маалыматты чек арадагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен бөлүшүүгө, ар бир мамлекеттик орган үчүн автономдук системасын киргизбестен товарлар жана транспорттук каражаттар жөнүндө маалыматты иштетүүгө мүмкүндүк берет.

Башкача айтканда, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары товарлар автоунаа өткөрүү пункттарына келгенге чейин 30 күндүн, бирок эки сааттан кем эмес убакыттын ичинде бажы кызматына берген алдын-ала маалыматты чек арадагы мамлекеттик контролдоочу органдар пайдалана алышат.

Бул иш-чара тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууда жагымдуу шарттарды түзүүнү жана товарларды өткөрүү пункттары аркылуу өткөрүүдө тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн убакыт чыгымдарын кыскартуу аркылуу транзиттик өлкө катары республиканын жагымдуулугун жогорулатууну камсыз кылат. Ошондой эле өткөрүү пункттарында контролдун бардык түрлөрүнүн өтүү убактысын туруктуу мониторингдөө үчүн мүмкүнчүлүк түзүлөт.

“Санарип тамга” бажы кызматынын мамлекеттик органдар жана бизнес коомчулугу менен өз ара аракеттенүүнүн жаңы сапаттуу деңгээлине чыгарат.

Пикир

Оставить комментарий